Интернет желесинде америкалык актёр Шон Пенн менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин отуруп алып сүйлөшүп жатышканы тартылган видео тарады.
Кадр "Украинанын Улуттук Легендасы" сыйлыктарын тапшыруу аземинде тартылган. Анда алар көрүүчүлөргө тоскоолдук жаратпаш үчүн тизелеп отуруп алып баарлашышкан. Аталган сыйлык актёрго дагы ыйгарылган.