Биз социалдык тармакта

Трамп Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысынын Москвага сапарын түшүндүрдү

Дональд Трамп АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Жон Рэтклиффтин Москвага болгон күтүүсүз сапарына комментарий берди.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, Рэтклифф 25-августта Москвага барып, Орусиянын атайын кызмат өкүлдөрү менен жабык сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Трамптын айтымында, Рэтклифф Орусияга "кадимки иштердин бири" боюнча барган. Ал АКШ Украинадагы согуштун токтошун каалап жатканын белгиледи.

Ошондой эле Трамп Рэтклифф Орусияга НАТО боюнча эскертүү берүү үчүн жөнөтүлдү деген маалыматтарды четке какты. Анын пикиринде, Москвага болгон сапардан кандайдыр бир жыйынтык чыгышы мүмкүн.

Кремлдин маалыматына караганда, ал Орусия президенти Владимир Путин менен жолуккан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан