Биз социалдык тармакта

Непалда суу ташкынында агып кеткен 5 пил Индиядан куткарылды (видео)

Катуу суу ташкынынан Непалдан Индияга агып кеткен 5 пил куткарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Үйүрдө 3 чоң пил жана 2 пилдин баласы болгон. Суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндө, жаныбарлар Каудияла дарыясына түшүп кеткен.

Пилдерди куткаруу үчүн Индиянын бийлиги дамбанын дарбазаларын жаап, дарыядагы суунун агымын азайткан. Натыйжада пилдер өз алдынча жээкке чыгып, токойго кайтып кетишкен.

Белгилей кетсек, 26-августта Непалда катуу суу ташкыны болгон. Кырсыктан каза болгондордун саны 160ка жетип, жүздөгөн адам дайынсыз болууда. Селден турак жайлар талкаланып, бир топ айылды суу каптады.

Непалда суу ташкынынан агып кеткен 5 пил Индиядан куткарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан