Бүгүн, 30-августта "Мадина" базарындагы өрт электр чубалгыларынан чыккан. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков "Номад ТВ" каналына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, базардагы видеокөзөмөл камераларынан өрттүн электр чубалгыларынан тутанганы көрүнгөн.
Министр окуя боюнча кеңири маалымат иликтөө иштери аяктагандан кийин берилерин белгиледи.