Биз социалдык тармакта

"Мадина" базарындагы өрт дрондордун жардамы менен көзөмөлдөнүүдө (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун кызматкерлери менен биргеликте "Мадина" базарындагы өрттүн жүрүшүнө жеринде көзөмөл жүргүзүүдө.

Министрликтен билдиргендей, өрт чыккан аймак дрондор аркылуу реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнүп жатат. Бул өрттүн таралуу масштабын аныктоого, жаңы очокторду табууга жана куткаруучулар жетүүгө кыйын болгон жерлердеги абалды баалоого мүмкүндүк берүүдө.

Дрондордон алынган маалыматтар өрт өчүрүүчүлөрдүн ишин координациялоодо жана ыкчам чечимдерди кабыл алууда колдонулууда.

"Мадина" базарындагы өрт дрондордун жардамы менен көзөмөлдөнүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан