Тилсиз жоо менен алышкан "Мадина" базарындагы өрт өчүрүүчүлөр (видео)
"Мадина" базарындагы өрттү өчүрүп жаткан куткаруучулардын ишин алардын бири Дастан Турдумамбетов видеого тартып жарыялады.
Кадрларда өрт өчүрүүчүлөр жалындын жайылышына жол бербөө жана коңшу объектилерди коргоо үчүн иштеп жатканы көрүнөт.
Эскерте кетсек, аталган базардагы тилсиз жоо чектөөгө алынды. Өрт миң чарчы метрди жалмап кетти. Тийиштүү кызматтардын баары жеринде иш алып барууда. Эки куткаруучу жабыркаганы кабарланды.