Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билет сатуудагы алдамчылык аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат бул ишке шектелип 21 жана 20 жаштагы жигиттер кармалышканын белгиледи. Алар Threads социалдык тармагында билеттер сатыларын жарыя кылышкан. Мындан улам жарандар электрондук которууларды жасашкан. Акча колго тийген соң, шектүүлөр билеттерди бербестен изин жашырышкан. Ошентип, жабырлануучулар кур жалак калышкан.