Биз социалдык тармакта

Ошто жолдошу тарабынан сабалды деп ооруканага түшкөн келин 12 күндөн кийин каза болду

Ош облусунда оор жаракаттар менен ооруканага түшкөн 1989-жылы туулган Н.Г. аттуу аял каза болду. Бул маалыматты облустук милиция тастыктады.

Маалым болгондой, аял 29-август күнү саат 19:00дө көз жумду.

Буга чейин, 17-августта 1989-жылы туулган Н.Г. аттуу аял денесинен жаракат алып, Кара-Кулжа аймактык ооруканасына кайрылганы маалымдалган. Жабырлануучунун алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, чогултулган материалдар аймактык караштуулугу боюнча Өзгөн РИИБиге өткөрүлүп берилген.

Окуяга тиешеси бар делген бир нече жаран Өзгөн РИИБинде суралган. Күбөлөрдүн жана тараптардын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар болгондуктан, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (Ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Учурда маркум аялдын өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн кайрадан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан