Бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жааган жаандын кесепетинен тоодон түшкөн кыян суулары көпүрөдөн ашып, Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунун 35-чакырымын каптады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМден билдиришти.
Окуя болжол менен саат 15:00 чамасында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
Учурда жол каттамы ачык. Атайын техникалар тазалоо иштерин улантышууда.