Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургундары тарабынан тосулган Каракол - Балыкчы унаа жолу жабык бойдон турат. Бул туурасында Саруу айылындагы жаш активисттердин бири Абай Узаков бүгүн, 3-февралда билдирди. “Буга чейин кармалган балдар бошотулсун. Эгер алар бошотулбаса, жабылган жол ачылбайт”, - деди активист.
Анын айтымында, кечээ, 2-февралда саат 15:30дар чамасында милиция кызматкерлери 17 баланы кармап кетишкен. Учурда алардын 16ы бошотулуп, Сарыбаев Айбекти Бишкекке алып кетишкен. Жолду буугандардын талабы - кармалган балдарды бошотуу.
Кармалгандар "октябрь айында баш аламандыкты уюштурду" деп шектелишүүдө.
Эске салсак, 2013-жылы октябрь айында Саруу айылынын жашоочулары "Кумтөр" долбоорун улутташтырууну талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Облустук администрация алдында баш аламандыкка айланган акцияда өкмөттүн облустагы өкүлү Э.Каптагаев барымтага алынган. Бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аталган аймакта элдик курултайлар өткөрүлгөн.