Депутаттар айыл чарба министрине вице-премьер-министр деген статус берүүнү сунушташты  

Парламенттин Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринин кошмо жыйынында депутаттар айыл чарба жана мелиорация министрине вице-премьер-министр деген статус берүү керектигин айтышты. "Айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү оңой болбойт. Министрликте иштегендердин айлыктары аз. Көйгөйлөрдү чечүү үчүн министрдин укугун күчөтүү керек",- деди депутат Сайдулла Нышанов.

Аталган министрликтин башчылыгына талапкер Таалайбек Айдаралиев "тармактагы абалды оңдоого бардык билимимди, күчүмдү жумшайм" деп билдирди. 

Эскерте кетсек, айыл чарба жана мелиорация министри кызматына Таалайбек Айдаралиевдин талапкерлигин ЖКнын тийиштүү комитети колдоду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан