“Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы келишими парламентте колдоо таппаса, башка варианттары каралат. Муну бүгүн, 3-февралда ЖКнын 2 комитетинин кошмо жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
“Жаңы ишкана түзүлсө, кенди канадалык тарап иштете баштайт. Эгер мыйзам бузууларга барса, биздин келишимден чыгууга укугубуз бар. Айтып жатабыз го, биздин алдыбызда 4 вариант турат. Биздин сунуш - ушул макулдашуу, эгер колдобосоңор, башка варианттарды да карайбыз”,- деди Сарпашев.
Айта кетсек, Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринин кошмо жыйынында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму каралууда.