Биз социалдык тармакта

Brent мунайынын баасы 100 доллардан ашты

Brent маркасындагы мунайдын фьючерстери 9-сентябрда Лондондогу ICE биржасында баррели үчүн 100 доллардан жогорулады. Бул тууралуу Meduza жазды.

Маалыматка ылайык, ноябрда жеткириле турган Түндүк деңиз мунайынын баасы мурунку соода сессиясына салыштырмалуу 2 пайыздан ашык өстү.

Brent мунайынын баасы акыркы жолу 100 доллардан жогору 24-июлда катталган.

Эксперттердин маалыматына караганда, мунайдын кымбатташына АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушундагы жаңы курчуу себеп болууда. Трейдерлер Жакынкы Чыгыштан мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан