Улуу Британиянын ханбийкеси Дианага таандык белгилүү кара көйнөк анын көзү өткөндөн кийин биринчи жолу аукционго коюлат. Сатуу иштери 9-декабрда Нью-Йорктогу "Sotheby’s" аукцион үйүндө өтөрүн чет элдик басылмалар жазышууда.
"Өч алуу көйнөгү" деп аталган кийимдин баасы 150–300 миң долларга бааланууда.
Белгилей кетсек, маркум Диана бул көйнөктү 1994-жылы, жолдошу, ханзаада Чарльз анын көзүнө чөп салганын коомчулукка ачык айткандан кийин, "Vanity Fair" кечесине кийип келген. Ачык ийиндүү кара жибек көйнөктү дизайнер Кристина Стамболян тигип берген.
Диана көйнөктү кийин кайра кийген эмес. Эми көйнөк салыса караджаты кайрымдуулук катары жумшалары маалыматта когумчаланды.