Индиянын Даванагере районунда унаа сүзүп кеткен илбирс куткаруучуга кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, окуя 8-сентябрда NH-48 автожолунда болгон. Куткаруучулар илбирсти кармоо үчүн уктатуучу дары беришкен. Бирок дары толук таасир эте электе жаныбар токой чарба кызматкерлеринин бирин тиштеп алууга жетишти.
Кызматкер колу жана бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Илбирс да кармалып, ветеринардык дарыланууга жөнөтүлдү.