Украинанын борбору Киевде жактоочу кылмыш ишин жабууга көмөктөшүү максатында ишкерден 5 миллион доллар талап кылып, анын 3,8 миллион долларын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Тергөөнүн маалыматына караганда, жактоочу ишкерге карата кылмыш иши козголуп, аны издөө жарыяланышы жана Украинага экстрадицияланышы мүмкүн деген ушактарды тараткан. Кийин ал өзүнүн байланыштары бар экенин айтып, ишти толугу менен чечип бере аларын убада кылган. Ошондой эле акча берүүдөн баш тартса, ишкерге карата тергөө аракеттери күчөтүлөрүн айтып коркуткан.
Сот шектүүнү камакка алып, 66 миллион 560 миң гривен күрөө коюуга уруксат берген. Бирок 11-сентябрга карата ал күрөөнү төлөй элек.