Биз социалдык тармакта

Түштүк Кореяда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити өтөт

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён 16-сентябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин Сеулда кабыл аларын өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Алгачкы "Түштүк Корея – Борбор Азия" саммитине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышат.

Саммитте соода, инвестиция, энергетика, маанилүү кен байлыктар жана жеткирүү тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.

Ли Чжэ Мён саммитке чейин, 14–16-сентябрь аралыгында беш өлкөнүн лидерлери менен өзүнчө эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Бул Түштүк Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлер деңгээлиндеги биринчи көп тараптуу жолугушуусу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан