Түндүк Корея Япон деңизин көздөй бир нече баллистикалык ракета учурду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитети билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Түштүк Кореянын аскердик жетекчилигинин маалыматына караганда, ракеталар Түндүк Кореянын Вонсан аймагынан учурулган. Алар болжол менен 250 чакырым аралыкка жеткен.
"Рёнхап" агенттиги ракеталардын учурулушу Түштүк Корея, АКШ жана Япония Чежу аралына жакын эл аралык сууларда биргелешкен аскердик машыгууларын аяктагандан кийинки күнү болгонун жазды.