Кабардин-Балкариянын Мижирги тоосундагы кар көчкүдөн каза болгон дагы бир альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн ӨКМине таянып РИА Новости басылмасы жазды.
Маалым болгондой, аймактагы издөө-куткаруу иштери аягына чыкты.
Буга чейин кар көчкүдөн 15 альпинисттин сөөгү табылып, дагы экөө дайынсыз болуп изделип жатканы айтылган. Кийинчерээк бир альпинисттин денеси табылган.
Кырсык 6-сентябрда альпинисттер мөңгү аймагындагы маршрут менен өтүп жаткан учурда катталган. Жалпы топ 33 альпинисттен турган. Кийин кырсыктан 14 альпинист каза болгону, дагы үчөөнүн дайыны чыкпай жатканы айтылган.