Биз социалдык тармакта

Сирияда бензиндин кымбатташына байланыштуу нааразычылык акциялары өттү

Кечээ, 13-сентябрда Сирия мамлекетинин бир нече провинциясында күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу нааразычылык акциялары өттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.

Акциялар Алеппо, Идлиб, Хасаке, Ракка жана Дейр-эз-Зор шаарларында болгон. Нааразычылык билдиргендер бир нече жолду, анын ичинде эл аралык М-5 трассасын жаап, жолдорго дөңгөлөктөрдү өрттөшкөн. Айрым аймактарда автоцистерналардын өтүшүнө да тоскоолдук жаралган.

Буга чейин, 12-сентябрда Сириянын Энергетика министрлигинин алдындагы атайын комитет бензин, газ жана дизелдин баасын 25-40 пайызга көтөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан