Төкмө акын Аалы Туткучев Таласта Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге бир ай мурун чакырылып, бирок бир күн калганда тизмеден чийип салышканын билдирди.
Акындын ушундай деген видеосу тойлордун биринде тартылып, соцтармакка тарады. Интернет колдонуучулары акынга болгон мындай мамилени сынга алышууда.
Белгилей кетсек, Аалы Туткучев Талас облусундагы Манас районунун Арал айылында төрөлгөн.