Биз социалдык тармакта

Казакстандык акындын айтыштагы жоругу коомчулукта сынга кабылды (видео)

11-сентябрда Казакстандын Маңгыстау облусунда Шайыр айылынын 100 жылдыгына арналган республикалык айтыш өткөн. Иш-чарадагы акындардын бири Максат Ахановдун сахнадагы жүрүм-туруму коомчулукта талкуу жаратты. Бул тууралуу акын Нүргүл Хасанова социалдык тармактагы баракчасына жазып, айтыштагы сахна маданиятын сынга алган.

Ал эми Айтыш союзунун төрагасы Аманжол Алтай кечээ, 13-сентябрда окуяга байланыштуу билдирүү жасап, аталган айтыш союздун планына кирбегенин айткан. Иш-чара жергиликтүү жарандардын уюштуруусунда жана жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен өткөн.

Ошондой эле Аманжол Алтай Ахановду алдыдагы 6 ай ичинде айтыштарга катыштырбоо чечими кабыл алынганын билдирди.

Казакстандык акын айтыштагы жоругу коомчулукта сынга кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан