Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсыгында 6 адам каза болду

Кечээ, 16-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 167-чакырымында жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болду. Маалыматты бүгүн, 17-сентябрда Чүй облустук Жол милициясы тастыктады.

Алдын ала маалымат боюнча, Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Бишкекти көздөй келе жатып, көзү илинип кеткен. Ал карама-каршы тилкеде келе жаткан Мерседес ATEGO унаасын сол капталы менен сүрүп, анын артынан КИА К-7 менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам, анын ичинде Hyundai Sonata жана КИА К-7 унааларынын айдоочулары каза болгон. Ошондой эле Hyundai Sonata унаасынын 3 жүргүнчүсү ар кандай жаракаттар менен Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан