Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте атайын жарык берүүчү сигналдарды мыйзамсыз орноткон эки Toyota Land Cruiser 300 унаасы аныкталып, айып короого киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Айдоочуларга карата укук бузуулар жөнүндө тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Мекеме унааларга атайын жарык сигналдарын мыйзамсыз орнотууга жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз кайра жабдууга тыюу салынарын эскертти.
Мындан тышкары, буга чейин интернетке мыйзамсыз орнотулган атайын жарык сигналдары бар деп жарыяланган унаалар да көзөмөлгө алынганы айтылды.