Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Саруу айылындагы абал боюнча өзүнүн интернет баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
“Кечээ укук коргоо кызматкерлери Саруу айылынын тургундарына күч колдонуп, ал тургай аялдарга кол көтөрүштү. Атап айтканда, Майрам Алымбаева менен Үпөл Ниязбекованын ур-токмокко алынышы коомчулук тарабынан кескин айыптоого арзыйт. Айрым айыл тургундарынын эшиктерин талкалап, 17 жаранды кармап кетүүсү менен бийлик маселени чечүүнүн жолун билбей тургандыгын тастыктайт. Мамлекеттик бийлик маселе чечүүнүн жолун таба албаган учурда жарандардын ар кандай акцияларга чыгуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Ал эми "Кумтөр" жана социалдык-экологиялык маселелерди көтөрүп чыгып жаткан Саруу айылынын тургундарына карата бийликтин күч колдонуп, провокацияларды уюштуруп, куугунтукка алуусу бийликтин алсыздыгын, күчкө гана таянарын жана иш алып барууга жөндөмсүздүгүн билдирет. Оппозициялык кыймыл бийликтин өз элине кылып жаткан бул аракеттерин ашынган кыянатчылык катары баалап, мыйзам бузууга жол берген укук коргоо органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну жана мындай мыйзамсыз аракеттерди тез арада токтотууну (кайталабоону) талап кылат”,- дейт Жээнбеков.