ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Анарбек Калматов Бишкектин 12-кичи районунда мыйзамсыз жол менен көп кабаттуу үй курулуп жатканын айтып чыкты. Айтымында, аталган жерге үй курууга болбой турганын айткан Бишкек шаардык башкы архитектура кызматынын адиси иштен айдалып, анын ордуна жаңы дайындалган адис үй курууга уруксат берген.
“9 кабаттуу үй унаа жолу өткөн жерге курулуп жатат. Жолду тосуп, эми унаалар ал жерди айланып өтүүдө. Жергиликтүү жашоочулар шаардык прокуратурага кайрылышса, аларды Октябрь райондук прокуратурасына жиберген. 2013-жылдын май айынан бери бул иш боюнча жыйынтык жок”,- деди Калматов.