Дилгер Жапаров: “Кумтөр” боюнча жаңы ишкана түзүлсө, Кыргызстан 10 жылдын ичинде 2,2 миллиард доллар киреше табат”

Бүгүн, 3-февралда ЖКнын Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттеринин кошмо жыйынында “Кумтөр” маселеси каралууда. “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Дилгер Жапаров “биргелешкен жаңы ишкана түзүлүп калса, Кыргызстан 10 жыл ичинде 2,2 миллиард доллардан ашык киреше тапмакчы” деп билдирди.

Жапаров жаңы ишкана түзүлсө, директорлор кеңешине эки жактан бирдей санда мүчөлөр дайындаларын айтты. Директорлор кеңешинин төрагасы кыргыз тараптан, орун басары канадалык тараптан бекитилет. Бирок экөөнүн ыйгарым укуктары бирдей болот.

Айта кетсек, учурда “Центерра” компаниясынын директорлор кеңешинде Кыргызстандын атынан 3 мүчө бар. Калган 8и канадалык өкүл. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан