2013-жылы Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн республикалык бюджетке 37,5 миллион сом түшкөн

2013-жылы Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү ижарага алуу боюнча 2 017 келишим катталган. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралдагы маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бакыт Шаршеналиев билдирди. 

 

Анын айтымында, ижарага берилген мүлктүн жалпы аянты 2013-жылы 139,2 миң чарчы метрди түзгөн. Андан түшкөн каражаттын 30 пайызы республикалык бюджетке өтөт. Өткөн жылы 37,5 миллион сом мамлекеттик казынага которулса, калган 70 пайыз каражат “КРнын Салык төлөмдөрү жөнүндө” мыйзамына ылайык мамлекеттик органдардын эсебинде калат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан