“Баарыңар лыжа тебүүгө!” деген ураан алдында өтө турган кышкы спорт майрамы 7-февралдан 14-февралга жылды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, буга аба ырайынын кескин төмөндөп кетиши себеп болгон. Майрамдын программасы өзгөргөн жок. Аталган иш-чарага Бишкек шаарындагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, социалдык мекемелердин балдары катышат. Ага чана, лыжа тебүү жана башка кар менен байланышкан оюндар киргизилген.