Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы курулуп жаткан медресенин экинчи кабаты урап, 56 адам жабыркады. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 3-февралда 14:15 чамасында Сузак районундагы Ырыс айыл аймагына караштуу мечит-медреседе катталган.
Анда 1953-жылы туулган маркум Бактыяр ажы Ясынахуновго жаназа намазы окулуп жаткан. Ага 700дөй адам катышкан. Намаз окулуп бүтүп, элдер сыртка чыгып жаткан учурда мечит-медресенин экинчи кабатынын жыгач полу көтөрө албай урап кеткен.
Анын кесепетинен 56 адам ооруканага кайрылган. Учурда окуянын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.