Ошто 4-февралда Шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен "Балдардын сөздүк корун байытуу, кебин өстүрүү, тарбиячынын ишмердүүлүгү менен бирдикте балдардын көркөм адабиятка кызыгуусун арттыруу жана өз алдынчалуулукка көнүктүрүү" темасында усулдук бирикменин иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.
Анын айтымында, тарбиялангандардын тамактануусу үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүүчү 500 сом өлчөмүндөгү каражатты көбөйтүү боюнча талкуу жүргүзүлүп, жыйынтыгында шаардык кеңешке кайрылуу жолдонот.
"500 сомдук төлөм балдардын тамак-ашына аздык кылып жаткандыгы ата-энелер жана балдар бакчаларынын жетекчилиги тарабынан айтылып келүүдө" деп кошумчалады Кимсанов.