-Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине тийиштүү арыз менен кайрылышы зарыл.
-Түркиянын жаранынын паспорту мамлекеттик же расмий тилге которулушу жана нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүшү керек.
-Түрк атуулу Түркия Республикасында башка никеси жок болгондугу тууралуу апостилденген маалымдамасын көрсөтүүсү абзел.
Эгерде кыргыз жараны түрк жаранына Түркия Республикасынын ичинде турмушка чыга же үйлөнө турган болсо, төмөнкүлөрдү кылышы зарыл:
-Түркия Республикасынын компетенттүү органына тийиштүү арыз менен кайрылышы кажет.
-Кыргыз жаранынын паспорту мамлекеттик тилге которулушу жана нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүшү керек.
-Кыргыз жараны Кыргыз Республикасында башка никеси жок болгондугу тууралуу апостилденген маалым катын Юстиция министрлигинен алуусу талапка ылайык.
Суроого Тышкы иштер министрлигинен жооп беришти.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.