Президенттик аппаратта Ж.Сатыбалдиевдин отставкага кетиши, А.Жээнбековдун премьер-министр, Ө.Текебаевдин спикер болушу тууралуу сөздөр айтылууда

Президенттик аппаратта өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетирүү, Асылбек Жээнбековдун премьер-министр, Өмүрбек Текебаевдин Жогорку Кеңешке төрага болушу тууралуу сөздөр айтылууда. Муну өздүк булактарга шилтеме берүү менен КирТАГ жарыялады.

“Сатыбалдиевдин өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча сөз жүрүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, өкмөт башчылыгына Асылбек Жээнбековдун (учурда спикер), Жогорку Кеңештин төрагалыгына Өмүрбек Текебаевдин барары болжолдонууда”,- деп билдирет булак.

Айта кетсек, Сатыбалдиев жетектеген азыркы өкмөткө сын-пикир күч. Буга өкмөттүн “Кумтөр” маселесин карапайым элдин кызыкчылыгын эске алуу менен чече албаганы себеп. Сатыбалдиев Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекцияны башкарып турганда мамлекеттин акчасын чектен аша пайдаланганы айтылды. Фактыны иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөлөрү “ооба, дирекциянын ишинде мыйзам бузуулар болгону аныкталды” деп билдиришти. Бул дагы бир себеп. Буга кошумча өкмөт башчы жүргүзүп жаткан чаржайыт кадрдык саясат да коомчулуктун чыдамын сыноодо. Айтор, өкмөт башчынын тагдыры чечилер учур жакын калгандай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан