Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мечит-медреседен жабыркагандардын экөөсүнүн кыр арка сөөгү сынып кеткен. Учурда алар облустук ооруканага которулушту. Бул туурасында Сузак райондук ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпы 57 адам ооруканага кайрылган. 6 адам ар кандай жарааттарды алышып, жаткырылган.
Эске сала кетсек, кечээ, 3-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мечит-медресенин экинчи кабаты урап, 56 адам жабыркаган. Анда 1953-жылы туулган маркум Бактыяр ажы Ахуновго жаназа намазы окулуп жаткан. Ага 700дөй адам катышкан. Намаз окулуп бүтүп, элдер сыртка чыгып жаткан учурда мечит-медресенин экинчи кабатынын жыгач полу көтөрө албай урап кеткен. Анын кесепетинен 56 адам ооруканага кайрылган. Учурда окуянын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.