Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов депутат Гүлшаркан Култаева узаткан суроого жооп берүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, эл өкүлү Элвира Сурабалдиевага жооп кайтарды.
Себеби парламент төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы Шыкмаматов Сурабалдиеванын айткандарына комментарий берүү үчүн сөзүн баштаганда микрофонун өчүртүп койгон эле.
"Парламент дискуссия боло турган аянтча да. Мен да депутат болгом. Бул жерде, тескерисинче, көбүрөөк талашуу болушу шарт. Биз сиздерге кайым айтышалы деп эмес, чындыкты табалы деп сүйлөп жатабыз. "Менин суроомо жооп бербегиле, каяша кылбагыла" деген абсурд",- деди башкы салыкчы.
Вице-спикер кайрадан аны берилген суроолорго гана жооп берүүгө чакырды.
Айта кетсек, бүгүнкү отурумда Элвира Сурабалдиева менен Алмамбет Шыкмаматовдун ортосунда пикир келишпестик жаралды. Сурабалдиева мындан улам өкмөт мүчөлөрүн депутаттарды сыйлоого чакырып, парламент эл өкүлдөрүнүн аянты экенин айтты.