Кыргызстанда жыл сайын 25 миң пенсионер көз жумат

Бүгүн, 4-февралда ЖКнын Социалдык саясат комитетинин отурумунда Соцфонддун башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев “Кыргызстанда сөөктү жерге берүүдөгү пенсиянын базалык бөлүгүн төлөө 100 пайызга аткарылып жатат” деп билдирди. 

Жогорку Кеңештин депутаты Татьяна Левинанын айтымында, пенсионер каза болгондон кийин пенсиянын базалык бөлүгү толугу менен төлөнүп берилиши зарыл. “Сиздер 15 миң сомдон төлөп беришиңиздер керек экен. Баарына бересиздерби же аталган каражатты албаган учурлар да кездешеби? Балким, мындай төлөм бар экенин билбегендер бар болуп чыкпасын”,- деди Левина.

 

 

Абылгазиев каражаттар төлөнүп келгендигин белгилеп өттү. “Жыл сайын 20-25 миң пенсионер көз жумат. Ар бирине 15 миң сомдон деп эсептегенде жылына 300 миллион сом төлөнөт. Сөөктү жерге берип, тийиштүү документтерди алып келген туугандарына төлөп келебиз”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан