Биз социалдык тармакта

Трамп дагы куру кол калды... Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты жарыяланды

Норвегиянын Нобель комитети БУУнун мурдагы адам укуктары боюнча жогорку комиссары Наванетем Пиллэйды 2026-жылдагы Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты деп жарыялады.

Сыйлык түштүк африкалык укук коргоочуга тынчтыкты жана эл аралык укукту өнүктүрүүгө жумшаган аракеттери үчүн ыйгарылган.

Наванетем Пиллэй 2008-жылдан 2014-жылга чейин эки мөөнөт кызмат өтөгөн жалгыз БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары болуп саналат. Ал 1941-жылы Түштүк Африканын Дурбан шаарында индус тектүү үй-бүлөдө туулган.

Айта кетсек, өткөн жылы АКШынын президенти Дональд Трамп Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок сыйлык Венесуэла бийлигинин башкы оппозиционери Мария Корина Мачадого берилген. Ал чечимге америкалык лидер бир нече ирет нааразычылыгын билдирген. Кийинчерээк Мачодо медалын Трампка өткөрүп берген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан