Жалал-Абад облусунда чет өлкөдөн алып келинген унаалар өз убагында каттоого турбай, мамлекеттик номурлары жок жүрүшүүдө. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мындан улам жол кырсыктарынын, андан каза болгондордун жана жаракат алган адамдардын саны көбөйүүдө. "Кээ бир айдоочулар автоунаалардын мамлекеттик белгилерин өзү билемдик кылып чечип салышып же өзүнө таандык эмес мамлекеттик белгилерди тагып айдагандар болуп жатат",- деп маалымдайт басма сөз кызматы.
Ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу унаалар арасында стандартка туура келбеген сандар менен жазып алып башкарып жүргөн фактылар көп.