Бишкек шаарында психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу каналын уюштурууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат ал кылмыш үстүнөн колго түшкөнүн белгилейт. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.