* Мындан 73 жыл мурун, 1941-жылы белгилүү обончу, композитор, дирижёр Сардарбек Жумалиев туулган. Эмгек жолун 1959-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуп жүргөн кезинде эле Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштөөдөн баштап, 1964-1967-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1968-1972-жылдары туңгуч кыргыз эстрадалык ансамблинде солист-аспапчы болуп иштеген. 1972-1975-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун 2 жылдык даярдоо курсунда теориялык-композитордук факультетинде композиция боюнча профессор М.Абдраевден, профессор К.Молдобасановдон, факультативдик-дирижёрлук боюнча профессор И.Давлесовдон окуган. 1975-1977-жылдары Республикалык эл чыгармачыл үйүндө музыкалык редактор, 1977-жылдан тартып Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру болуп эмгектенип келген. 1984-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун сырттан окуп бүтүргөн. Анын "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Жаңы жылды тосолу", "Ысык-Ата-Арашан", "Махабат мекени", "Кетпейм сага жолукмайынча", "Бульварым" ж.б. жүздөн ашык обондору бар.
* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши борбор шаардын тарыхый ысымын калыбына келтирүү маселесин талкуулаган. Айрым депутаттар шаар мурда Пишпек аталгандыктан, Фрунзе шаарынын Пишпек болуп өзгөртүүнү жакташкан. Кээ бири Пишпек аталышы орус документтеринде гана жаңылыш белгиленгендиктен, ал терминди кабыл алуу мүмкүн эместигин эскертишкен.
* Мындан 62 жыл мурун, 1952-жылы Нью-Йоркто жөө адамдар үчүн алгачкы жол чырак орнотулган. Алар жөө жүрүүчүлөрдүн жолдон өтүүсүн камсыз кылган. Аларда эки гана белги болгон. Бири жолдон өткөнгө уруксат бере турган, ал эми экинчиси, албетте, күтө туруу керек экенин билдирген. Ал максатта жашыл жана кызыл түстөр колдонулган.
Кийин жол чырактар атайын жазуу, адамдын сөлөкөтү менен да чыккан. Көнүп калган жашыл, сары, кызыл өңдөрдү карап эле жол тартибин сактабастан, жол чырактын жанына орнотулган атайын таблодон "Күткүлө!", "Өткүлө!" деген да жазууларды окуганга мүмкүн болгон.
Жылнаама толугу менен бул жакта...