Биз социалдык тармакта

Бишкекте өспүрүм айдоочунун айынан эки жол кырсыгы катталды (видео)

Бишкекте үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, бир адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны айдоочулук күбөлүгү жок, 2011-жылы туулган өспүрүм башкарып жүргөн.

Жол кырсыгы 22-октябрга караган түнү саат 00:30 чамасында болду. Анда Toyota Camry алгач Aion үлгүсүндөгү унаа менен сүзүштү. Андан соң айдоочу окуя болгон жерден качып кетип, көп өтпөй Hyundai Sonata унаасын сүзүп алды. Өспүрүм унаасы менен экинчи кырсык болгон жерден кармалды.

Анын кесепетинен Hyundai унаасынын айдоочусу көкүрөгүнөн жаракат алып, жүргүнчүсүнүн сол ийини сынды.

Учурда окуянын жагдайлары такталууда.

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм үч унаанын катышуусундагы кырсыкка кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан