Биз социалдык тармакта

Казак армиясында эмне өзгөрөт? Коопсуздук кеңеши аскердик реформа планын бекитти

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев аскердик реформа боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Акорданын 21-октябрда тараткан маалыматы боюнча, Коопсуздук кеңешинин жыйынында бүтүндөй мамлекеттик аскердик уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформа планынын негизги жоболору бекитилген. Негизги өзгөрүүлөргө төмөнкүлөр кирет:

  • Эки баскычтуу аскерге чакыруу моделине өтүү. Жаңы келгендер алгачкы алты ай бою окуу борборлорунда окуудан өтүшөт, андан кийин аскердик бөлүктөрдө түздөн-түз аскердик даярдыкка басым жасоо менен кызмат өтөшөт.
  • Пилотсуз күчтөрдү түзүү жана армиянын негизги компоненттерин күчөтүү.
  • Аскердик консультанттарды жана аскердик иштер боюнча комиссарды түзүү.
  • Дедовщинага жол бербөө жана аскердик тартипти чыңдоо чаралары.

Айта кетсек, Казакстан Каспий деңизиндеги каргашадан кийин аскердик реформа баштоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан