
24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарындагы “Барыс Арена” спорттук комплексинде чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Мелдешке дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн 1000ге жакын спортчу катышарын Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, тогуз күнгө созулган Дүйнө чемпиондугунда грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча 30 комплект медаль ойнотулат.
24-октябрь - грек-рим күрөшү:
- Салмак категориялары: 55, 60, 77 жана 82 килограмм;
- Тандоо беттештери, жарым финалдык беттештер жана мелдештин ачылыш аземи.
25-октябрь - грек-рим күрөшү:
- Салмак категориялары: 72, 97 жана 130 килограмм;
- Көңүл жубатуучу беттештер жана финалдык таймаштар.
26-октябрь - грек-рим күрөшү:
- Салмак категориялары: 63, 67 жана 87 килограмм;
- Финалдык таймаштар, жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин сыйлоо аземи.
27-октябрь - кыз-келиндер күрөшү:
- Салмак категориялары: 50, 57, 65 жана 76 килограмм;
- Тандоо беттештери, жарым финалдар жана финалдык таймаштар.
28-октябрь - кыз-келиндер күрөшү:
- Салмак категориялары: 53, 62, 68 жана 72 килограмм;
- Байге үчүн таймаштар жана сыйлоо аземи.
29-октябрь - кыз-келиндер жана эркин күрөш:
- Кыз-келиндер күрөшү: 55 жана 59 килограмм;
- Эркин күрөш: 65 жана 97 килограмм;
- Финалдык таймаштар жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи.
30-октябрь - эркин күрөш:
- Салмак категориялары: 61, 70, 86 жана 125 килограмм;
- Тандоо беттештери жана байге үчүн таймаштар.
31-октябрь - эркин күрөш:
- Салмак категориялары: 57, 74, 79 жана 92 килограмм;
- Тандоо беттештери жана жарым финалдар.
1-ноябрь - эркин күрөш:
- Салмак категориялары: 57, 74, 79 жана 92 килограмм;
- Көңүл жубатуучу беттештер, финалдык таймаштар жана сыйлоо аземи.
Эске салсак, Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн 10, эркин күрөштөн 8 жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан Кыргызстандын намысын коргойт.