Биз социалдык тармакта

Тибетте күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду (видео)

Кечээ, 22-октябрда саат 22:33тө Тибетте катуу жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка карганда, Нагчу шаардык округунда жер титирөөнүн күчү 7 балл болгон. Кырсыктын айынан 11 адамдын абалы оор. 20дан ашык адам жаракат алып, 339 турак үй урап, электр жарыгы өчүрүлгөнү маалымдалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 16 адам каза болгон.

Учурда зыяндын көлөмүн баалоо, издөө-куткаруу иштери жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү улантылууда.

Тибетте катуу жер титирөө болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан