Кечээ, 22-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Борбордук Азия-Грузия" форматындагы тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуу Батуми шаарында болуп өттү.
Сапардын алкагында министр Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе уюштурган кечки тамакка катышып, тараптар саясий, соода-экономикалык, транспорттук жана энергетикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.