Август айында өлкөгө акча которуулардын жалпы көлөмү 269,6 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалымдалгандай, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн - 240,9 миллион доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн которуулардын көлөмү 28,7 миллион долларды түзгөн.
Ал эми августта 8,7 миллион доллар өлкөдөн чыгарылган. Анын 3,2 миллион доллары КМШ өлкөлөрүнө, 5,5 миллион доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.