Улуттук банк эки төлөм уюмуна ири суммада айып пул салынганын билдирип, бирок алардын аттарын ачыктаган жок.
Мекеменин 22-октябрдагы маалыматына караганда, төлөм уюмдары кылмыштуу иштерди каржылоо жана адалдоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуп, кардарлардын акчаларын текшербестен которууларды жүргүзгөн.
Мындан улам алардын бирине 5 миллион 381 миң 247 сом, экинчисине 804 миң 130 сом айып пул чегерилген.