Биз социалдык тармакта

Бишкек: Крупская көчөсүндө тосулган жерлер бошотулуп, тротуар курула баштады

Бүгүн, 23-октябрда Бишкектеги Крупская көчөсүнүн Кустанай көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуар куруу иштерин жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка карганда, муниципалдык жерди мыйзамсыз басып алган 50гө жакын объект жана тосмо аныкталган. Мэрия жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринен кийин айрым жашоочулар тосмолорду өз ыктыяры менен алышты. Жыйынтыгында 450 чарчы метрге жакын коомдук аймак бошотулганы маалым болду.
Учурда калган жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүп, Кустанай көчөсүндө бордюрлар орнотулуп жатканы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан