Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык мушкер Фарида Абдуева араб өлкөсүндө жеңишке жетти (видео)

Кыргызстандык мушкер Фарида Абдуева Бириккен Араб Эмираттарында өткөн UAE Warriors 74 турниринде чемпиондук наамга ээ болду.

Ал 22-октябрда Абу-Даби шаарында өткөн турнирдин башкы беттешинде аталган лиганын учурдагы чемпиону, бразилиялык Мишель Оливейра менен беттешти.

Беттеш беш раундга созулуп, калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңиш Абдуевага ыйгарылды. Натыйжада кыргызстандык мушкер 52 килограммга чейинки салмак категориясында чемпиондук курду жеңип алды.

Белгилей кетсек, буга чейин Фарида Абдуева Road to UFC Season 5 турниринде күч сынашып, жарым финалда түштүк кореялык мушкерге жеңилген.

Кыргызстандык мушкер Фарида Абдуева жеңишке жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан