Ысык-Көлдө торго түшкөн балык куткарылып, кайра көлгө коё берилди. Анын сырты "алтын балыкка" окшоп, сары түстө жылтырап турганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бүгүн, 26-октябрда жарыялаган видеодон көрүүгө болот.
Мекмеменин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы көлдүн акваториясын тазалоо улантылып жатканын, жыл башынан бери көлдүн түбүнөн 539 даана синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылганын билдирди. Алардын жалпы узундугу 53 900 метрди түздү. Ошондой эле 1440 килограмм ар кандай таштанды чыгарылды.
Министрлик жарандарды көлдүн тазалыгын сактоого, таштанды таштабоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.